Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Согушкерлер Ирактын Мосул шаарын басып алышты


Ирактын Фаллужа шаарындагы согушкерлер. 28-апрель, 2014.
Ирактын Фаллужа шаарындагы согушкерлер. 28-апрель, 2014.
Ал-Каидага байланышы бар согушкерлер Ирактын Мосул шаарын басып алышканын өлкөнүн расмийлери билдиришти. Ниневия провинциясынын губернатору Атил Нуджаифи сунниттердин «Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети» деп аталган радикалдык тобу анын штабын басып алганын, өзү араң качып чыкканын журналисттерге маалымдаган. 9-июнда Нуджаифи телеканал аркылуу шаар элине кайрылып, согушкерлер менен күрөшүүгө чакырган.

Согушкерлер шаардагы административдик имараттарды, полиция бекетин, түрмөнү ээлеп алышып, камактагыларды бошотуп жиберишкен.

«Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети» тобу жыл башынан бери Фаллужа жана Рамади шаарларын, Анбар провинциясын ээлеп турат.

2 миллионго жакын калкы бар, өлкөдөгү экинчи чоң шаар деп эсептелген Мосул шаары Багдаддын түндүк-батышында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG