Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Кыргыз мигранттарын "кара тизмеден" чыгаруу аракети көрүлүүдө


Москвадагы кыргыз мигранттары, 12-август, 2011
Москвадагы кыргыз мигранттары, 12-август, 2011
Орусиядагы эмгек мигранттарынын бир тобун "кара тизмеден" чыгаруу үчүн эки тараптуу жумушчу топтор иштеп жатканын "Азаттыкка" бүгүн эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов билдирди.

- Биз Орусия менен азырынча оозеки макулдаштык, келишим качан күчүнө кирээри белгисиз. Эгер келишим кабыл алынып калса "кара тизмеге" кирип калган студенттер, аспиранттар жана докторанттар чыгарылат. Мындан сырткары үй-бүлөсүнүн жарымы ал жакта, жарымы бул жакта жашагандар жана социалдык абалы оорлор ал тизмеден чыгарылат.

Министр Орусия ишке орношууну патенттик ыкмага өткөрсө, кыргызстандык эмгек мигранттарынын санына чек коюлбасын да кошумчалады.

Орусияга кирүүгө тыюу салынган мигранттардын тизмеси Федералдык миграция кызматы тарабынан такталган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына таянсак, аталган тизмеде 60 миң кыргызстандык бар.

Расмий маалымат боюнча, учурда Орусияда 580 миң кыргызстандык жаран бар. Бирок бейрасмий маалыматтарда бул сан эки эседен көп болушу мүмкүндүгү айтылып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG