Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Баткен: Тажик тарап жаңжалдын чыгымын төлөбөй жатат


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин. Баткен, 8-май, 2014
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин. Баткен, 8-май, 2014
Мындай маалыматты “Азаттыка” бүгүн Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибрагимов билдирди. Анын айтымында, акыркы эсептөөлөр боюнча 7-майда Тажикстан менен чектеш Жеке-Өрүк деген жерде кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы жаңжалда кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки автомашина өрттөлүп, жалпы келтирилген чыгым 9 млн. сомго жеткен.

Жаңжалдан кийин тажик тарап келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө макул болуп, ага 15 күндүк мөөнөт сураган. Бирок андан бери он беш күндөн экөө өтсө да чыгымдар төлөнгөн жок.

Бул маселе боюнча бүгүн да күч кызматтары менен жыйын өткөрүлүп, кошуналардан чыгымды өндүрүп алуу маселеси каралды. (JsA)

XS
SM
MD
LG