Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Президент Атамбаев орус өкмөт башчысы менен сүйлөштү


Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү 10-июнда болду. Анда тараптар 29-майда Астанада жетишилген келишимдерди аткаруу жана Ош шаарына жана облусуна жардам берүү маселесин талкуулашкан. Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши жана кыргыз-орус Өнүктүрүү фондун түзүү макулдашылган. Ал эми түштүк регион газдын жоктугунан жабыркап келатат. Президент Алмазбек Атамбаев 9-июндан 13-июнга чейин эмгек өргүүсүнө чыккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG