Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Орусия Чыгыш Украинада гуманитардык коридор түзүүнү колдоду


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин өкмөтү менен куралдуу жикчилдер кармашып жаткан региондо гуманитардык коридор ачууну Москва колдоорун билдирди. Кырдаалды жөнгөрүүнүн ачкычы катары Лавров аскердик операцияны токтотууну атады:

- Кырдаалды жөнгөрүүнүн ачкычы, биздин ынаным боюнча, нааразы тарапка каршы аскердик операцияны токтотуу болуп саналат. Мына ошондо сиздер жикчилдер деп атап жаткан адамдар, менин ынанымымда, ошого жараша жооп беришет. Ал жерде согуш улануусуна эч ким кызыкдар эмес.

Президент Порошенко коридор ачуу чечими жаңы курмандыктарга жол бербөө үчүн кабыл алынганын 10-июнда билдирген. Кошмо Штаттар согуш жүрүп жаткан жерден качкан жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана аларга жардам берүү үчүн Улуттар Уюму жана башка гуманитардык уюмдар менен кызматташууга Киевди чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG