Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:22

Иран ядролук келишимге жетишүү үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайт


Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани 10-июнда Анкарада билдирди. Иран жана ири алты мамлекет Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишүүнү көздөөдө.

9-10-июнда Иран жана АКШнын өкүлдөрү жабык эшик артында жолугушту. Ушундай эле жекеме-жеке жолугушууну ирандыктар калган алты ири мамлекеттин өкүлдөрү менен да жүргүзүүнү көздөөдө. Алты ири мамлекет менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүнүн кезектеги бөлүгү 16-июнда Венада башталат. Тараптар 20-июлга чейин Ирандын ядролук прогарммасы боюнча узак мөөнөттүк келишимге жетишүүнү көздөшүүдө. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG