Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Аксы окуясында жабыркагандар Аманбек Карыпкуловду эскерүүгө каршы


Аксыдагы демонстранттар, март, 2002-жыл.
Аксыдагы демонстранттар, март, 2002-жыл.
Аксы окуясында курман болгон Кадыркул Сапаралиевдин аялы Айбарча Сатыбекова, Эркинаалы Четинбаевдин аялы Гүлбү Омокеева, Сатымбай Үркүнбаевдин жубайы Бүайша Үркүнбаева жана окуяда жараат алган Бекболсун Чекиров менен Максат Момуналиев, Талик Өмүрбеков, Абий Садыров бүгүн маалымат каражаттарына билдирүү жасашты. Алар Аскар Акаевдин билигинин тушунда президенттик администрациянын башчысы болуп турган Аманбек Карыпкуловдун КТРКда эки күн бою эскерилгенине жана анын аты мектепке ыйгарылышына каршы. Жабырлануучулар белгилешинче, 2002-жылдын 16-мартында Аксынын Кара-Суу айылында топтолгон элдин алдына келүүгө ошондогу губернатор Султан Урманаев убада берген. Бирок ага Карыпкулов тыюу салып койгон. Бийликтин мындай мамилесине нааразы болгон эл 17 -мартта райондун борборунда митинг өткөрүүгө баратып, милициянын ок атуусуна туш болгон. Жабырлануучулар ушундан улам Аксы окуясынын чыгышына Аманбек Карыпкуловдун да 2002-жылы жогорку бийликте турган адамдар менен бирге тиешеси бар деп эсептешүүдө.

Аманбек Карыпкулов совет доорунда партиялык-советтик кызматтарда, өлкө эгемендикке жеткенден кийин жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүп, 2008-жылы оорудан улам көз жумган. Аксы окуясы боюнча ага расмий айып тагылган эмес. Анын ысмы көп жылдык эмгеги үчүн Таластагы бир мектепке коюлган.

2002-жылы 17-мартта болгон Аксы окуясында алты адам каза таап, ондогон демонстрант жарадар болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG