Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Укук коргоочулар кеңеши ишин токтотту


Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.
Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.
Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши өз ишмердигин токтоткону тууралуу билдирүү таратты. Анда бул кадам Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен байланыштырылган. "Укук коргоочулар кеңеши ыктыярдуу түрдө мамлекеттүүлүктү жана мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алууда кеңеш берүүчү орган болуп түзүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстандын келечеги үчүн өтө маанилүү чечимдер элдин, укук коргоочулардын пикири эске алынбай кабыл алынып жатат. Маселен, Бажы биримдигине каршы чыккан топтордун үнү угулган жок," - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Андан ары бул уюмдун мүчөлөрү мындан кийин ишмердигин жарандык коомду өнүктүрүүгө жумшаары белгиленген.

Укук коргоочулар кеңеши 2007-жылы түзүлгөн. Уюмга Алмаз Эсенгелдиев, Бурул Макенбаева, Дмитрий Кабак, Назгүл Турдубекова, Нурбек Токтакунов жана Сардар Багышбеков сыяктуу укук коргоочулар мүчө болуп келишкен. (UEz)

XS
SM
MD
LG