Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Бишкектеги парктарды улутташтыруу сунушталууда


Ата Түрк паркындагы мыйзамсыз курулуштар. Бишкек, 8-май, 2013.
Ата Түрк паркындагы мыйзамсыз курулуштар. Бишкек, 8-май, 2013.
Бишкектеги 4 сейил бакты улутташтыруу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аталган мыйзам долбоорун “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов демилгелеген. Анда борбордогу Ата Түрк, Кара-Жыгач, Жаштар жана Фучик сейил бактарын улутташтыруу сунушталган.

Бекешовдун маалыматына таянсак, Бишкекте 90-жылдардан бери сейил бактары бир канча гектарга кыскарган. Маселен, Ата Түрк паркы 107 гектардан 64,78 гектарга, Кара-Жыгач 202,72гектардан 169,1 гектарга, Фучик паркы 8,49 гектардан 7,41 гектарга жана Жаштар сейил багы 27,6 гектардан 26,04 гектарга чейин кыскарган.

Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса улутташтырылчу сейил бактарда жайгашкан турак-жай, имарат ээлери жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акы төлөп турууга туура келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG