Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Эл акыны Эрнис Турсунов дүйнө салды


Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, 3-март, 2014.
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, 3-март, 2014.
Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов бүгүн 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу "Азаттыкка" маркумдун жакын саналаштары билдирди.

Эрнис Турсунов 1935-жылы 24-августта Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган. Анын "Айчырайлуу кыздар" ("Сулуулар"), "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Эрки күчтүүлөр", "Замандаш", "Баш мээси менен", "Байтик баатыр" сыяктуу драмалары кыргыз театрларында ийгилик менен коюлуп, "Олжобай менен Кишимжан", "Балбай менен Ормон", "Жусуп Баласагун" деген опералык либреттолоруна композиторлор обон чыгарган.

Акын дүйнөлүк адабияттын бир топ классиктеринин чыгармаларын да кыргызчалаган. 1980-жылдардын аягында "Куранды" биринчилерден болуп кыргызчага которгон.

Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген наамдар берилген. (SM)

XS
SM
MD
LG