Ирактын түндүк-батышында жайгашкан Мосул шаарын куралчан исламчылар басып алгандан кийин жарым миллион киши чыгып кеткенин баш кеңсеси Женевада жайгашкан Миргация боюнча эл аралык уюм билдирди. “Ал-Каида” тобу менен байланышкан “Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети” деп аталган радикал топ Ирактагы экинчи чоң шаарды басып алганын тургундар дагы ырасташты.
Бүгүн согушкерлер Мосулга чукул Байджи шаарына киришти. Шаардагы мунай иштетүүчү заводду 250дөй аскер кайтарып турат, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.
Куралданган согушкерлер шейшембиде Мосулдагы административдик имараттарды, аэропортту, түрмөнү өз көзөмөлүнө алып, абактагыларды бошотуп жиберишкен.
Бейшембиде Ирактын парламенти премьер-министр Нури ал-Маликинин өлкөгө чукул кырдаал киргизүү боюнча сунушун карайт.