Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Украина: аскерий операцияларда 200дөн ашуун киши набыт болду


Украина -- Словянскинин четиндеги аскерлер, 10-июнь, 2014
Украина -- Словянскинин четиндеги аскерлер, 10-июнь, 2014
Украинанын чыгышындагы аскерий операциялар маалында 210 киши, анын ичинде 14 бала мерт болгонун өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Олег Мусий билдирди. Министр аскерий операцияларда жок болгондордун саны мындан дагы көп болушу мүмкүн экенин айтып, өлүкканага келип түшкөн сөөктөрдүн саны 210 экенин айтты. Луганск жана Донец облустарындагы атайын жайларга 50 сөөк жеткирилди. Ошол эле маалда “ополченецтер” менен өкмөттүк аскерлерден канчасы мерт болгонун министр тактаган жок.

Өткөн аптада Украинанын башкы прокурору Олег Махницкий өлкө чыгышын куралчан сепаратисттерден бошотуу маалында 181 киши өлгөнүн, анын ичинде 59 аскер набыт кетип, 293 жоокер жарадар болгонун билдирген.

Донецк шаарынын мэри Александр Лукьянченко Украинанын президенти менен парламентине кайрылып, Орусиянын ортомчулугу менен өзүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган облустун өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG