Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Москвада өзбек кинорежиссеру уурдалганы кабарланууда


Өзбек бийликтери исламчыл экстремисттер менен байланышы бар деп айыптаган кинорежиссер Мирсобир Хамидкориев 9-июндан бери дайынсыз экенин "Мемориал" уюуму билдирди. Москвада Хамидкориев аялын күтүп көчөдө турганда пайда болгон эки эркек аны машинесине түртүп салып, белгисиз тарапка айдап кетишкенин күбөлөр көргөн.

Орусияда саясий башпаанек издеп жүргөн Хамидкориев өткөн жылы Ташкендин өтүнүчү боюнча кармалаган. 2013-жылдын август айында прокурор Ташкендин ага таккан айыптары негизсиз деп Хамидкориевди бошоткон. Анын адвокатынын полицияга айтканына караганда, кинорежиссер Өзбекстандын тапшырмасы менен уурдалган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG