Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Батыровду кайтарып алуу аракеттеринен майнап чыкпай жатат


Kyrgyzstan - uzbek leader Qodirjon Bonirov, 14.09.2010
Kyrgyzstan - uzbek leader Qodirjon Bonirov, 14.09.2010
Бул тууралуу бүгүн 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча маалымат жыйынын өткөргөн Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогулов билдирди. Анын айтымында, июнь окуясы боюнча айыпталып, Жогорку Соттун өкүмү менен өмүр бою абакка кесилген мурдагы депутат Кадыржан Батыров Интерпол аркылуу изделип жатат. Аны кайтарып алуу үчүн Швецияга эки ирет суроо жөнөтүлдү. Бирок Швеция менен Кыргыз Республикасынын ортосунда келишим жоктугуна байланыштуу Интерполдун "Ал саясий жана улуттук негизде соттолгон" деген негиздемеси менен кайтарып алуу мүмкүн болбой жатат. Батыров башка бирөөнүн паспорту менен Орусияда жүрөт деген каңшаар тастыкталган жок. Ага караштуу мүлктүн ичинен 263 миллион сомдук 28 объект Жогорку Соттун чечими менен юридикалык негизде мамлекеттин пайдасына өткөн. Ал имараттарды иш жүзүндө өткөрүп алуу жагы өкмөттөгү тармактык министрликтер тарабынан өз ара макулдашууда.

Өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана экс-депутат Кадыржан Батыров июнь окуясынын уюштуруучусу экендигин чет элдик маалымат каражаттары аркылуу жокко чыгарып келатат. (YA)

XS
SM
MD
LG