Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

ИИМ: Камчы Көлбаев кароосуз калбайт


Камчы Көлбаев Биринчи май райондук сотунда. Бишкек, 18-апрель, 2013.
Камчы Көлбаев Биринчи май райондук сотунда. Бишкек, 18-апрель, 2013.
8-июнда абактан бошонгон кримтөбөл Камчы Көлбаев учурда өлкө аймагында жана аны ИИМ кызматкерлери көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктагандай, 5-июнда ошол эле абактан Көлбаевдин оң колу деп саналган Адилет Касенов да эркиндикке чыгарылган. Мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын маалыматы боюнча, Касеновдун жаза мөөнөтүн сот эки эсе кыскартканына байланыштуу эртелеп бошонгон.

Деген менен ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев Камчы Көлбаевдин кийинки аракеттерин тактоо үчүн аны атайын сүйлөшүүгө чакыруу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Камчы Көлбаевге адам уурдоо, уюшма кылмыштуу топ уюштуруу сыяктуу 7 оор берене боюнча айып тагылып келсе, сот бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алуу беренеси боюнча гана айыптуу деп тапкан. Жогорку Сот мындай чечимге жабыркагандардын жана күбөлөрдүн Көлбаевди айыптоодон баш тартуусу себеп болгонун айткан. (UEz)

XS
SM
MD
LG