Бул тууралуу "Азаттыкка" Оштогу газ кризисин караган парламенттеги жабык жыйындан чыккан депутат Анарбек Калматов билдирди. Анын айтымында, өкмөт мүчөлөрү Ошко качан газ берилиши боюнча суроолорго так жооп бере алган жок. Болгону Өзбекстан кепке келбей жатканы, "Кыргызгаз" Орусиянын "Газпром" компаниясына толук өтүп бүтө электиктен алар да чече албай турганы жана бул маселе экономикалыктан саясий маселеге айланып баратканы тууралуу сөз болгон.
Убакыт жетпей калгандыктан Кумтөр боюнча маселе бүгүн каралган жок.
Жогорку Кеңеш бүгүн Оштогу газ кризисин жана Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрүн чакырган. Бир топ талаш-тартыштан соң депутаттар маселени жабык кароону чечкен.
Өзбекстан быйыл 14-апрелде келишим мөөнөтү аяктаганына негиздеп, Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. (ZB/SM)