Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Кыргыз-казак чек арасында ок атылды


Кыргыз-казак чек арасындагы мамы.
Кыргыз-казак чек арасындагы мамы.
Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашканга караганда, 11-июнда кыргыз-казак чек арасында контрабандалык жүк өткөрмөкчү болгондорго каршы чек арачылар курал колдонууга аргасыз болгон. Натыйжада аткезчилердин бири жаракат алды.

Чек арачылар бул күнү Чүйдүн Кемин районундагы Кара-Булак деген жерине жакын чек арада үч жаран мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылып жатканын байкап калышкан. Алар чек арачылардын "токтогула" деген талабына баш ийбей, ок чыгарган. Аскерлер асманга эскертүү иретинде ок атуусуна баш ийбегендердин машинесинин дөңгөлөгүнө аткылоого мажбур болгон.

Мындан жаракат алган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жөнөтүлдү. Абалы канааттандырарлык. Машине менен качып кетүүгө үлгүргөн эки мыйзам бузуучуну издөө иштери уланууда. (SM)

XS
SM
MD
LG