Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Лавров: Гумжардам жеткирүү үчүн жикчилер менен кызматташуудабыз


Москва Донецк жана Луганск облустарына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн сепаратисттер менен кызматташып жатканын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЕККУнун баш катчысы Ламберто Заньер менен жолуккандан кийин айтты. Орусия расмий Киев гуманитардык жүктү өткөрбөй жаткандыктан ушундай жолго барууга туура келгенин министр кошумчалады.

Украин бийликтери болсо Орусия менен чектеш аймактардын кээ бир тилкелери куралчан сепаратисттердин колунда экенин моюнга алат.

ЕККУнун баш катчысы Украинадагы куралдуу жаңжалдар жакын арада басылат деген үмүтүн билдирди. Ал ошондой эле Ростов облусунда украин качкындарынын лагерине барары дагы кабарланууда. Украин аскерлери көзөмөлдөгөн Луганск шаарынын аэропортунда эртеден бери атышуу болуп жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG