Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Өкмөт башчы Алайдагы кырдаал боюнча комиссия түзүүнү сунуштады


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова билдирди. Анын айтымында, премьер-министр Жоомарт Оторбаев Алайдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөт жана парламенттин катышуусу менен комиссия түзүүнү сунуштады. Бирок депутаттар Алайдан кабар алып жатышканын жана комиссия маселени чечүүгө жөндөмсүз болорун билдиришкен. Жоомарт Оторбаев Алайдагы абалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенерин билдирген. Алайда Ош-Эркечтам жолу 27-майдан бери жабык турат. Жол тоскондор Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюп жатышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG