Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Баткенде молдолор интернетте иштөөнү үйрөндү

Баткен шаарындагы борбордук мечит, 5-август, 2013.
Баткен шаарындагы борбордук мечит, 5-август, 2013.
“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунан “Азаттыка” маалымдашкандай, аймактагы тандалып алынган дин кызматкерлери бул боюнча 2 күндүк окуудан өттү. Мында негизинен дин кызматкерлери Twitter, Facebook, YouTube, WhatsApp жана видео, аудио блог менен иштөө боюнча окуудан өтүп, интернет пайдаланууну жана андагы жоопкерчиликтерди үйрөнүшкөн.

Иш-чара “Тынчтыкты сактоодо дин кызматкерлеринин ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өтүп, жаштарга диний маалыматтарды туура жеткирүү, интернет колдонуучулар арасында жаман көрүнүштөрдүн алдын-алуу максатында уюштурулган. (JsA)
XS
SM
MD
LG