Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Кыргызстан Бажы биримдигине качан кирээри белгисиз


Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014
Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014
Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн "Бажы биримдигинин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кырдаалга тийгизчү таасири" аттуу эл аралык жыйында айтылды. Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине жыл соңунда, же кийинки жылдын башында толук мүчө катары кириши мүмкүн. Бирок мунун баары Орусия убада кылган гранттык акчанын берилишинен көз каранды. Учурда Кыргызстан анын алгачкы траншын сурап жатат.

29-майда Астанадагы саммитте Бажы биримдигинин түзүүчүлөрү Орусия, Казакстан жана Беларус Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасын кабыл алган. Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсүнө жардам берүүгө Оруия убада кылган. Эки өлкөнүн экономика министрлери кол койгон келишимге ылайык, Кыргызстанда Өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага Орусия 1 млрд. доллар бөлмөк болгон. Орус тарап ошондой эле Кыргызстанга 200 млн. доллар грант бөлүүнү чечкен. (SM)

XS
SM
MD
LG