Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Кыргызстанда ишке тартылган балдардын саны азайды


Бишкектеги "Дордой" базарында кагаз кутуларды чогултуп иштеген бала.
Бишкектеги "Дордой" базарында кагаз кутуларды чогултуп иштеген бала.
Социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова өлкедө акыркы эки жылда ишке тартылган балдардын саны 70 пайыздай азайганын бүгүн Бишкекте өткөн "Балдар эмгегине каршыбыз" аттуу жыйында билдирди. Бул жыйын 12-июнь - Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду.

"Балдар укугун коргоо” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдүбекова болсо "Азаттыкка" азыр өлкөдө 40 миңге жакын бала ар кайсы тармактарда иштээрин, көбү талааларда, базарларда иштеп, акча табаарын билдирди.

Деген менен Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү иштеген балдардын саны 2500ге жакын. Аталган министрликтин балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ахматова буларды айтат:

- Эмгек жана балдар кодексине ылайык 14 жашка чейинки балдарды иштетүүгө тыюу салынат. Бирок өлкө боюнча 10 жаштан 18 жашка чейинки 2552 бала иштери белгилүү. Алардын көбү талааларда, базарларда иштешет. Аталган жерлер балдардын ден соолугу үчүн өтө зыян деп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк эмгек уюмунун маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө 2008-жылдан бери иштеген балдардын саны кыйла азайган. 2008-жылы балдар эмгегине кабылгандардын саны 215 млн. болсо, быйыл алардын саны 168 миллионго чейин түшкөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG