Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

ЕККУ баш катчысы Орусияда украиналык качкындар менен жолукту


ЕККУ баш катчысы Ламберто Заньер
ЕККУ баш катчысы Ламберто Заньер
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Орусияда Украинанын чыгышынан келген качкындар лагерине барды. Ламберто Заньер качкындар менен Украинанын чек арасынан 40 чакырым алыс жайгашкан Дмитровка айылында жолугушту. "Интерфакс" маалымат агенттиги билдиргендей, жолугушууда Заньер “бул башаламандык тезинен токтош керек” деп айткан.

Ал жакында Украинанын мурдагы президенттери Леонид Кравчук, Леонид Кучма, азыркы өлкө бийликтери жана орусиячыл жикчилердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтөөрүн болжолдоду.

Ростов облусунун бийлигинин маалымдагандай, качкындар лагеринде ушул тапта 4 миңдей адам бар, алардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Бир күн мурда Донецк шаарынын мэри Александр Лукьянченко Украинанын президенти менен парламентине кайрылып, Орусиянын ортомчулугу менен өзүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган облустун өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG