Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Арменияда партия лидери соттолууда


Шант Арутюнуяндын тарапкерлеринин митинги. Ереван, 10-январь, 2014.
Шант Арутюнуяндын тарапкерлеринин митинги. Ереван, 10-январь, 2014.
Бүгүн Ереванда Армения Улуттук «Цехакрон» партиясынын лидери Шант Арутюнуяндын үстүнөн сот иши башталды. Арутюнян партиялаштары менен өткөн жылдын ноябрь айында нааразылык акциясын өткөрүп, президенттик канцелярияга кирүүгө аракет жасашкан. Акциянын катышуучулары менен полиция ортосунда кагылышуулар болуп, Арутюнян камака алынган. Кийинчерээк акциянын катышуучулары Арменияда “революция” жасоону болжошконун билдиришкен. Кагылышууда ондогон адамдар, анын ичинде төрт полиция кызматкери жарадар болгон.

Партиянын лидерине “тартип коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөттү” деген айып тагылып, 10 жылдык мөөнөткө чейин жазаланышы күтүлүүдө. Арутюнян өзү жана анын тарапташтары бул саясий куугунтук экенин айтышууда.

Убактылуу кармоочу жайда жатканда Арутюнян абактын күзөтчүлөрүнүн жана кызматкерлеринин орой мамилесине каршы 17 күндүк ачкачылык акциясын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG