Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Прокурор Бишкектин экс-мэрин 8 жылга эркинен ажыратууну суранды


Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында. 12-сентябрь, 2012.
Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында. 12-сентябрь, 2012.
Бишкектин Октябрь райондук сотунда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы мэр Иса Өмүркуловду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууну суранганын бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты. Ошондой эле экс-вице-мэр Бакыт Дүйшембиевди 6, шаардык каттоо кызматынын мурдагы башчысы Молдокмат Тезекбаевди, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Кадырмамбетовду жана Бишкке башкы архитектурасынын мурдагы башчысы Алмазбек Абдыкаровду 5 жылга эркинен ажыратуу суралды.

Башкы прокуратура 21-февралда Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айыбын угузган. Башкы көзөмөл органынын маалыматына таянсак, Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аянтын 16 гектарга кыскарткан токтомду мыйзамсыз кабыл алган. Ал бул чечими менен Жер кодексин одоно бузуп, 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага берип салган деп айыпталууда. Башкы прокуратура маалымдагандай, Жеңиш сейил багынын чек арасы борбордун башкы планы боюнча жана деталдуу мерчемдөө долбоорунун негизинде жалпы аянты 49,92 гектар деп аныкталып, шаардык кеңеш аны 2009-жылы токтом менен бекиткен.

Башкы прокуратура Иса Өмүркуловго карата кылмыш ишти 2013-жылдын 2-декабрында козгогон. Бирок ал камакка алынган эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG