Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Өмүркулов мамлекеттик айыптоо менен макул эмес


Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында, 28-июль, 2011.
Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында, 28-июль, 2011.
Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов өзүнө коюлуп жаткан айыптоолорду четке кагып, прокурорлордун аны 8 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн негизсиз деп эсептээрин бүгүн "Азаттыкка" билдирди:

- 2010-жылы эл шаарды талап баштаганда бир да чарчы жерди бербей сактап калганбыз. Ал эми парк боюнча айтылып жаткан сөздөрдүн баары мыйзам чегинде жасалган. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Бардык жерлер муниципалдык менчикте.

9-июнда Октябрь райондук сотунда мурдагы мэр Иса Өмүркуловду мамлекеттик айыптоочулар ага коюлган берене боюнча айыптуу деп таап, аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууну суранганын бүгүн Башкы прокуратура кабарлаган.

Башкы прокуратура 21-февралда Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айыбын угузган. Башкы көзөмөл органынын маалыматына таянсак, Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аянтын 16 гектарга кыскарткан токтомду мыйзамсыз кабыл алган.

Иса Өмүркуловго карата кылмыш иш 2013-жылдын 2-декабрында козголгон. Бирок ал камакка алынган эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG