Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Ирак парламенти өлкөгө өзгөчө абал киргизген жок


Ирак парламенти
Ирак парламенти
Бүгүн парламент чукул чогулушта Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликинин акыркы окуяларга байланыштуу өлкөгө өзгөчө абал киргизүү өтүнүчүн карамак. Бирок кворум болгон жок. Жыйынга келбей койгондордун көбү суннит жана күрт муслмандар жамаатынын өкүлдөрү экени айтылууда. Алар шиит жамаатынан чыккан Нури аль-Маликиге каршы көз карашта экени маалымдалып келет.

АКШ мамдепартаментинин маалымат катчысы Жен Псаки Вашингтон Ирак бийлигине согушкерлерге каршы күрөшүүдө көмөк көргөзүүгө даяр экенин билдирди.

Ал арада бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирактагы ислам жихадчыларынын акыркы басып алуулары АКШнын 2003-жылы бул өлкөгө баштаган операциясы "толугу менен ишке ашпай калганын көрсөттү" деп билдирди

Шаршембиде “Ирак жана Левантанын Ислам мамлекети” радикалдык тобунун мүчөлөрү Тикрит шаарын ээлешти, андан бир күн мурда Мосул калаасын басып алып, Түркиянын 80 жаранын барымтага алышкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Мосулдан жарым миллион адам үй-жайларын таштап качып чыккан.

XS
SM
MD
LG