Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Жумабек Ибраимовдун 70 жашка чыккандыгы белгиленет

Кыргызстандын мурунку өкмөт башчысы Жумабек Ибраимовдун 70 жашка чыккандыгына байланыштуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда болот. Ага маркумдун жакындары жана өкмөт мүчөлөрү катышат. Иш-чаранын алдында Жумабек Ибраимовдун эстелигине гүл коюлат. Жумабек Ибраимов 1998-жылы декабрда өкмөт башчылыкка дайындалып, төрт ай өкмөттү жетектеген. Ал кызмат орундары акчага сатылып жатканын биринчилерден болуп ачык айткан. (AiT)
XS
SM
MD
LG