Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Баткенде кармалган француз жаранынын иши иликтенүүдө


Баткендин чек арадагы бир айылы.
Баткендин чек арадагы бир айылы.
Бүгүн Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгы аймактагы кыргыз-тажик чек арасынан өткөн айдын этегинде 41 жаштагы бир француз жараны кармалганын кабарлады. Аты-жөнүн өзгөртүп, жасалма документ көтөрүп алган бул жаран Кызыл-Бел чек ара бекетинен Тажикстанга өтүп кетмекчи болгон. Кармалган учурда ал чек арачыларга пара катары акча сунуштап жибергени да айтылууда. Бирок чек арачылар көп акча сунуштаганына карабай, шектүү жаранды жергиликтүү милицияга өткөрүп берген.

Кыргыз тышкы иштер министрлигинен болсо бул тууралуу Франциянын Бишкектеги элчилигине дароо маалымдалганын, учурда элчилик бул маселе боюнча иштеп жатканын бүгүн "Азаттыкка" кабарлашты. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG