Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Өкмөт персоналдык пенсия алгандарды текшерет


Бишкектик пенсионерлер, 14-октябрь, 2011.
Бишкектик пенсионерлер, 14-октябрь, 2011.
Кыргызстанда өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсия алгандардын тизмеси кайрадан каралып, пенсия берүү жобосу катаалданат. Бул тууралуу чечим бүгүн өкмөттө өткөн жыйында кабыл алынды. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2690дон ашык адам персоналдык пенсия алат. Аларга бюджеттен 300 миллион сом бөлүнөт.

Жакында Жогорку Кеңеш өкмөткө персоналдык пенсия алуучулардын санын көбөйтүү тууралуу сунуш берген. Бирок өкмөт мындай демилгеге каршы чыгып, өлкө үчүн өзгөчө эмгеги сиңген адамдарды гана калтырууну сунуштоодо. Мындан улам өкмөттүн бүгүнкү жыйынында персоналдык пенсия алгандарды тизмесин кайрадан текшерүү боюнча чечим кабыл алынды.(KE/BkA)

XS
SM
MD
LG