Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Бишкектеги Киев көчөсү оңдоо үчүн жабылат


18-июндан тарта Бишкектеги Киев көчөсүнүн Манас проспектиси жана Исанов көчөлөрүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн бир айга жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, көчөнүн аталган бөлүгү аркылуу өткөн жылуулук түтүктөрү алмаштырылмакчы. Буга байланыштуу шаардагы Исанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү эки тараптуу кыймыл үчүн ачыла турганын мэрия эскертүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG