Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө


Президенттик орун үчүн таймаш 5-апрелде өткөн шайлоонун алгачкы турунда алдыга чыккан мурдагы тышкы иштер министр Абдулла Абдулла менен экс-каржы министри Ашраф Гани ортосунда болуп жатат. Өлкө боюнча 28 миңдей шайлоо бекеттери ачылды. Өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Буга карабай шайлоо бекеттери ачылганга чейин Кабулдун тегерегинде үч жардыруу катталды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Сидик Сидикинин кабарлашынча, бир ракета борбор шаардагы аэропорттун аймагына түшкөн. Дагы бир жардыруу Кабулдун батыш бөлүгүндөгү райондордун биринде орун алды. Жардыруулардан эч ким жабыркабаганын жана добуш берүү үзгүлүккө учурабаганын полиция өкүлү кошумчалады.

Буга чейин Талибан кыймылы оогандарга “өлгүңөр келбесе, добушканаларга барбагыла” деген эскертүү жасаган болчу.

Шайлоонун жыйынтыгы 22-июлда жарыяланат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG