Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

АКШ сенатору Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырды


АКШ Сенатынын тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Роберт Менендез президент Барак Обамага кайрылып, Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырды. Сенатордун жүйөсүндө, жаңы санкциялар Орусиянын Украинадагы жикчилдерге танк баштаган оор аскердик техника жибергенине жаза болушу керек. Демократиялык партиянын мүчөсү Менендез санкцияларды киргизүүдө Европа өлкөлөрү менен кызматташуу маанилүү экенин, бирок АКШ бийлиги Украинанын көз карандысыздыгын колдоо үчүн өз алдынча чара көрүүдөн тартынбашы керектигин белгилеген. Буга чейин Сенаттагы республикачылар Орусияга каршы санцияларды катаалдантуу керектигин билдиришкен.

Украина жана Орусия акыркы күндөрү чек араны бузуп, оор аскердик техника киргизди деп бири-бирин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG