Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Казакстанда кулчулукта жүргөн өспүрүм бошотулду


Казакстандын Кордай районунда кулчулукта жүргөн 14 жаштагы кыргызстандык өспүрүм бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган өспүрүмдүн ата-энеси 2012-жылы Токмоктон Кордайга иштегени кеткен. Алар Кордайдагы фермалардын биринде мал багып жүрүшкөн. Быйыл жыл башында өспүрүмдүн атасы мал жайып жүрүп бутун сындырып алган. Андан соң айлык-акы төлөбөгөнү үчүн үй-бүлөсү менен ал жактан качып, Кыргызстанга келген. Бирок 14 жаштагы баласы Казакстанда калып калган. Кыргызстанга келген соң алар Тышкы иштер министрлигине кайрылып, баланы бошотууга жардам берүүнү суранган. Бул маселени Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу жана Казакстандын күч органдары биргеликте өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктап, аны бошотушту. Учурда ал Кыргызстанга кайтып келди. Ал эми өспүрүмдүн эмгегин пайдаланып жүргөн фермерди жоопко тартуу боюнча ишти Казакстандын күч органдары жүргүзүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG