Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:29

Украинада аза күнү жарыяланды


Украинанын президенти Петро Порошенко жикчилдер атып түшүргөн учактагы 49 аскердин набыт болгонуна байланыштуу 15-июнду аза күнү деп жарыялады. Расмий Киев 14-май түнү өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнө таандык ИЛ-76 үлгүсүндөгү учакты  Лугансктагы аба майданына коноордо орусиячыл жикчилдер атып түшүргөнүн билдирүүдө.

Бул боюнча сүйлөп жатып президент Порошенко "Украина бүгүн кайгыга батып турат, бирок биз тынчтык үчүн күрөштү улантабыз"- деди.

Өкмөттүк күчтөр өлкө чыгышындагы жикчилдерге каршы бир нече күндөн бери аскердик операция жүргүзүп жатат. Ал ортодо жикчилдер Донецк облусундагы Горловка шаарында өкмөттүк учакты атып түшүргөнүн кабарлашты.

 

XS
SM
MD
LG