Баткен облусунун Зардалы айылында эки өспүрүмдүн өмүрүн алган жарылуудан кийин аймактын калкка жакын жерлери тазаланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Сеитмурат Калыков билдирди. Анын айтымында, Зардалыдагы согуштук аракеттер жүргөн аймактардын баары кароодон өткөрүлүп, эч кандай жарылуучу зат табылган жок.
17-апрелде Зардалыдагы “Коргон” чек ара тозотунда 4-10 жаштагы жети тестиер бала белгисиз жарылуучу зат таап алып ойноп жатканда ал жарылып кеткен. Андан эки бала мерт болгон.
Ички иштер министрлиги жарылган зат 1999-2000-жылдары аймакка согушкерлер кирген учурдан калышы мүмкүн деген версияны айткан болчу. (JsA/KE)