Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Жер ортолук деңизде 300 мигрант куткарылды


14-июнда Италиянын жээктеги коопсуздук кызматкерлери Жер ортолук деңизде кемеси кыйроого учураган үч жүздөн ашуун легалсыз мигрантты куткарып калды. Суу алдынан он сөөк алынып чыкты. Куткаруу иштери Ливия өлкөсүнүн жээгинен 60 чакырымдай түндүктө жүргөн.

Куткарылгандар өздөрүн балык кармаганы чыккандарбыз деп тааныштырган.

Жыл сайын Европага деңиз аркылуу мыйзамсыз жолдор менен он миңдеген африкалыктар өтүп турат. Көбүнесе алардын кемелери жолдон кыйроого учурайт.

XS
SM
MD
LG