Ооганстанда шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн үйүнө жеткирип бара жаткан автобустун жолунда бомба жарылып, 11 киши мерт кетти. Ооган коопсуздук кызматы алардын алтоо аял, бирөө жаш бала болгонун кабарлады.
Саманган провинциясынын башчысы Седиг Азизинин бүгүн билдиришинче, каза тапкандардын төртөө Ооганстан көз карандысыз шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, алтоо байкоочу болгон. Жардыруу ишемби күнү (14-июнь) кечинде аталган провинцияга жакын жердеги Айбак шаарында орун алган.
Герат провинциясында талибдер шайлоого катышканы үчүн 11 жергиликтүү тургундун сыя басылган манжасын кесип кеткени кабарланууда. Шайлоо күнү согушкерлер 150 чабуул жасап, 46 адам каза тапты. Буга чейин талибдер шайлоо үзгүлтүккө учурарын билдирип, оогандарга “өлгүңөр келбесе добушканаларга барбагыла” деген эскертүү жасаган болчу.
Кечээ, 14-июнда Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Президенттик орун үчүн таймаш шайлоонун биринчи турунда алдыга чыккан мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен экс-каржы министри Ашраф Гани ортосунда болду. Талапкерлер ичинен жеңип чыкканы Ооганстанда демократиялык жол менен шайланган алгачкы президент болуп калат. Шайлоонун жыйынтыгы 22-июлда жарыяланат деп күтүлүүдө.