Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

Украина: Орус элчилигине кол салгандар кармалды


Украинанын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдындагы акцияга байланыштуу билдирүү таратты. Анда элчиликке кол салуу чагым экени белгиленип, мындай аракет эл аралык мамиле жана дипломатиялык мекемелерди коргоо нормаларына туура келбестиги айтылган. Элчиликке кол салган чагымчылардын айрымдары кармалганы, дипломатиялык өкүлчүлүктүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аракет көрүлүп жатканы белгиленген.

Ишембиде Орусиянын Киевдеги элчилиги астында чогулган демонстранттар Москванын Украинанын чыгышындагы аракеттерин айыптап, дипломатиялык номурлары бар бир нече машинени оодарып, Орусиянын желегин айрып, имаратка сыр чачкан. Кечке маал имарат тарапка таш ыргытылганы маалымдалган.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки буга байланыштуу билдирүү таратып, Орусиянын Киевдеги дипломатиялык миссиясынын коопсуздугун камсыз кылууну Украина бийлигинен талап кылды. Расмий Вашингтон украин бийлигин өзүнүн эл аралык милдеттерин аткарууга чакырды.

Киев 14-июнь түнү өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнө таандык ИЛ-76 үлгүсүндөгү учакты Лугансктагы аба майданына коноордо орусиячыл жикчилер атып түшүргөнүн билдирген. Учактагы 49 аскер набыт болгон.

XS
SM
MD
LG