Украинанын президенти Петро Порошенко жикчилер атып түшүргөн учактагы 49 аскердин набыт болгонуна байланыштуу 15-июнду аза күтүү күнү деп жарыялаган. Бүгүн бардык мекемелерде мамлекеттик туу түшүрүлдү. Оюн-зоок, спорттук иш-чаралар башка күнү өтмөй болду. Чак түштө бүтүндөй Украина мерт болгондорду унчукпай эскерди.
14-июнь түнү өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнө таандык ИЛ-76 үлгүсүндөгү учакты Лугансктагы аба майданына коноордо жикчилер атып түшүргөн. Андан 49 киши каза тапкан. Бул боюнча сүйлөп жатып президент Порошенко "Украина бүгүн кайгыга батып турат, бирок биз тынчтык үчүн күрөштү улантабыз" деп билдирген.