Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Кочкордо жүздөн ашуун жолбун ит атылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нарынбек Молдоисаев кабарлады. Кочкор районунда кой, тоокторун жедирген жергиликтүү тургундар итке окшогон жаныбар эски мүрзөгө кирип кеткенин билдиришкен.

- Мүрзөлөрдүн ичинде жапайы, жолбун иттер көп экен. Учурда мергенчилер жана милиция кызматкерлеринен турган 13 топ күндүз жана түнкүсүн жолбун иттерди атып жатат. Мал сарай, тоокканалардын алдына капкан коюлууда. Бирок жапайы иттерден башкача жаныбар табылган жок. Эл арасында айтылгандын баары ушак сөздөр болуп жатат.

Ушул күнгө чейин Кочкор району боюнча жүздөн ашуун жолбун ит атылды. Атылган ит жана белгисиз жаныбар жеди деген мал, тоок лабораторияга жөнөтүлгөн. Азырынча жыйынтыгы чыга элек.

Буга чейин район акими Жылдызбек Шералиев же чөөгө, же итке окшобогон жырткычтан төртөө атылып көмүлгөнүн билдирген эле. Айыл өкмөтү ошол жаныбарды атып келгендерге 5000 сом сыйлык да койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG