Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү:

15-17-июнда абанын температурасы жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөр жаанга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Аба ырайы:


16-июнда өлкө аймагында айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,
Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19....24
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9 градус жылуу болот.

Бишкекте 16-июнда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 13...15 градус, күндүз 30...32 градус ысык болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG