ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:11

Футбол: Кыргызстандык рефери Швейцария - Эквадор беттешүүсүн тейлейт

Бүгүн кечинде Дүйнөлүк чемпионаттын D тайпасынын баштапкы беттешүүлөрүнүн алкагында Швейцария – Эквадор командалары ортосундагы оюнду кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров тейлейт. Ал Бразилиядагы чемпионатка өзбекстандык Равшан Ирматовдун судьялык тобунун курамында катышууда.

Бахадыр Кочкаров буга чейин да 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол чемпионатында Ирматовдун командасы менен судьялык кылган. (SA)
​
XS
SM
MD
LG