Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Нарын абагында алты адам ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Нарын облусундагы өкүлү Эркин Асаналиев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Ачкачылык кармап жаткандар 20-февралда Жумгал сотунда cоттолуучуларга май чачып өрттөөгө аракет кылган деп шектелип камалгандар. Алар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы жана иш кайра башынан тергелишин талап кылып жатат. Асаналиевдин айтымында, ачкачылык акциясы кечээ, 15-июнда башталды.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, ачкачылык пландалып жатканы тууралуу оозеки айтылган, бирок тамактан баш тартуу боюнча жазуу түрүндөгү мындай билдирүү түшө элек.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиционерге карата кылмыш иши козголгон.

20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркагандардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. Бул чыр боюнча 10 адам камакка алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG