Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

Экс-мэр Өмүркуловдун соту 18-июнда уланмай болду


Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жаткан борбор калаанын мурунку мэри Иса Өмүркулов баштаган мэрия кызматкерлеринин соту 18-июнда уланмай болду. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты. Бүгүн айыпталуучулар жана адвокаттары акыркы сөзүн сүйлөмөк. Бирок айыпталуучулардын бири, мэриянын мурунку кызматкери Молдакмат Тезекбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу катыша албай калган.

Башкы прокуратура Өмүркулов баштаган мэриянын төрт кызматкерин Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы парктан жер тилкелерин мыйзамсыз берген деп айыптоодо. Буга чейинки жараянда мамлекеттик айыптоочу Өмүркуловду 8 жыл эркинен ажыратууну сураган.

Иса Өмүркулов былтыр декабрда кылмыш иш козголгон соң өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал айыптоолор негизсиз экенин айтууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG