Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Мөңгү мыйзамын кайра иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүү сунушталды


Кыргыз өкмөтү «Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды кайра иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссиясын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мыйзамдын демилегчиси, депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, мыйзамга президент каршы пикирин билдиргенден кийин аны кайра иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыккан.

Жогорку Кеңеш “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды өткөн айда кабыл алган. Ага ылайык, мөңгүлүү бийик тоолордо тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чек коюлмак. Депутаттар бул мыйзам Кумтөрдөгү катачылыктарды эске алуу менен кабыл алынганын билдиришкен. Бирок президент Алмазбек Атамбаев мыйзам ишке кирсе бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууга негиз болот деген жүйө менен кол коюудан баш тарткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG