Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

"Мейкин Азия" талапкер таланттарды тандай баштады


Бүгүн Бишкекте "Мейкин Азия" популярдуу музыка фестивалынын быйылкы катышуучуларын тандоо башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Сынакты министрликке караштуу Улуттук маданият борбору уюштуруп, ал бир айдан кийин өтүүчү фестивалга Кыргызстандын атынан катыша турган аткаруучуларды тандап алат.

Кыргыз өкмөтү уюштурган "Мейкин Азия" өнөр таймашы биринчи жолу былтыр өткөрүлүп, анда баш байгени казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов утуп алган. Былтыркы фестивалга Кыргызстандан тышкары Армения, Казакстан, Кытай жана Орусиядан таланттар катышкан болчу. Быйыл иш-чара 16-20-июлда Чолпон-Атада өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG