Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Алайда жол тосууга каршы сот чечими бүгүн күчүнө кирет


Алай райондук сотунун Ош – Эркеч-Там унаа жолун тосууга тыюу салган чечими бүгүн күчүнө кирет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Соттун чечимине ылайык, нааразылык акциясын өткөрүп жаткан камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери жолду ачышы керек. Эгер талапты аткаруудан баш тартса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн министрлик эскертүүдө.

Бирок Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарыбашев райондук соттун эскертмесин көрбөгөнүн, бүгүн жол ачылбай турганын кабарлады.

- Биз сотко катышкан да, чечими менен таанышкан да жокпуз. Акматбек Келдибековду үй камагына чыгармайын биз жолду ачпайбыз, - деди Сарыбашев.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Жол тосулган жерде азыр 19 боз үй тигилген. Буга чейин Бажы кызматы жолдун буулушунан мамлекеттик казынага 83 миллион сом бажы төлөмдөрү түшпөй калганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG