Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн өсүүсү эки эсе төмөндөп кетти. Бул тууралуу бүгүн экономика министри Темир Сариев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жылдын алгачкы беш айы боюнча көрсөткүчтөрдү салыштырганда былтыр өсүш 8,5% болсо, быйыл 4,3% экени маалым болду. Төмөндөө айрыкча айыл чарба жана тейлөө тармактарында көп байкалууда. (RK)