Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Түштүк аймагын суюлтулган газ колдонууга өткөрүү каралууда


Кыргызстандын түштүк аймагындагы абоненттерди жаратылыш газынан суюлтулган газга өткөрүү каралууда. Мамлекеттин каржылоосу аркылуу жүргүзүлө турган бул ишке Орусия бере турган акчанын бир бөлүгү пайдаланылат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин каржы министри Ольга Лаврова менен жолугушуусунда сөз болду.

Ош шаары эки айдан бери көгүлтүр отунсуз отурат. Себеби "Кыргызгазды" өкмөт Орусияга бир долларга сатып жибергенден кийин Өзбекстандын "Узтрансгаз" ишканасы газ берүүнү токтотуп койгон.

29-майда Астанада Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдигине Кыргызстандын кошулуусу боюнча "жол картасы" кабыл алынган. Бул уюмга кирген алгачкы жылдардагы кыйынчылыктарга туруштук берүүгө Орусия Кыргызстанга каржылык жардам убада кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG